Бишкек мэриясы шаар тургундарын алдамчылардан сак болууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары менен мектеп директорлорунун соцтармактагы баракчаларына жана мессенджерлерине муниципалитеттин жетекчилери делген адамдардан акча которууну суранган (техника алууга, гуманитардык жардам көрсөтүүгө) каттар түшкөн учурлар кездешкени маалым болгон.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Бишкек мэриясы мындай жол менен эч качан каражат топтобойт. Шаардык кызматтын жетекчилери менен кызматкерлери мыйзамдын алкагында иштешет. Муниципалитеттин бир дагы өкүлү мындай каттарды жолдобойт», — деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлиги жарандарды алдамчылардын сак болууга, маалыматтарды расмий булактардан тактоого чакырды.

Алдамчылык фактысы катталган учурда милицияга же Бишкек мэриясынын коррупция менен күрөшүү секторуна 0(312) 610 775 номери аркылуу кайрылууга болот.