Россиянын президенти Владимир Путинге коронавируска каршы эмдөө ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн, абалы жакшы экенин катчысы Дмитрий Песков жарыялады.

«Ал өзүн жакшы сезип жатат», — деди Песков.

Эске салсак, Владимир Путин 23-мартта коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөн.

Дмитрий Песковдун айтымында, Путин орусиялык үч вакцинанын бири менен эмделди. Кремль президентке эмдөө үчүн кайсы дары колдонулуп жатканын ачыкка чыгарган жок.
«Үчөөнүн бири. Кайсынысы экенин так айтпайбыз. Үч вакцина тең ишенимдүү», — деген Песков.

Президентти эмдөө учурунда сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынган.