Президент Садыр Жапаровго вакцинациядан өтүүнүн зарылчылыгы жок. Анын антителосу бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан өнүктүрүү  министри Алымкадыр Бейшеналиев «Kaktus.media»  маалымат агенттигине билдирген.

«Анын антителосу жакшы — 9. Аны эмдөөнүн кажети канча?», — деди ал.

Бейшеналиев өзү вакцинаны дүйшөмбү күнү, 29-мартта алаарын кошумчалады.

«Эртең менен баштайбыз, анан алгачкы дозасын мен өзүм алам. Менде антитело жок. Ооруган эмесмин», — деди министр.

Эске салсак, өлкөдө коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.