Эки аптада 75 миң адам эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифингде билдирди.

«Эки аптанын ичинде 75 миң адамды эмдөөдөн өткөрөбүз деп пландап жатабыз»,- деди Гульбара Ишенапысова.
Маалым болгондой, бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Анда алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өтөт. Андан кийин медицина кызматкерлери, мугалимдер жана башкалар өтөт.