Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине европа улутундагы 35-40 жаштагы жаран мыйзамсыз түрдө кирүүгө аракет кылган.

2021-жылдын март айынын 27-мартынан 28-мартына караган түнү саат 02:14 чамасында музейдин башкы сактоочусунун  кызматтык бөлмөсүнөн коопсуздук белги берүүчү коңгуроосу (сигнализация) иштеп кеткен. Күзөттө турган бирөө киргенин  көрүп, ошол замат артынан чуркап барып,  терезеден кирип барган. Кызматтык бөлмөнүн эшиги бек болгонуна байланыштуу, кылмышка шектүү кача албай, буюмдарды колуна алып,  каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу колун толгоп, кармаган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн №323 ыкчам кармоо тобу саат 02:16 чамасында жетип келишип, ыкчам тобунун милиционер автоматчысы милициянын старшинасы Н. Догдурбеков жардамга келген.

Жыйынтыгында, кылмышка шектүү деп кармалган адам   1979-жылы туулган чет өлкөлүк жаран  Т.Р. экендиги аныкталган. Кармалган жаранды Кыргыз Республикасынын ИИМдин Биринчи май РИИБне тапшырылган, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя болгон жерде №323  ыкчам кармоо тобу музейдин айланасын карап чыгып, камеранын жулунуп алынганы такталган, ошондой эле Биринчи май райондук тергөө- оперативдик тобун чакырып иликтөө иштерин жүргүзүшкөндүгүн билдиребиз.

 

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы