Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын бир күндө 100 адам алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 42 адам эмделген. Анын ичинен 40 медик, бир педагог жана 65 жаштан ашкан бир улгайган адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алышкан.

Чүй облусунда 30 киши эмделсе, анын 29у медик, бирөө улгайган киши. Ошто вакцина 28 дарыгерге жасалган.

Акматова эмделгендердин, анын ичинде вакцинаны биринчилерден болуп алган министр Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык экенин белгиледи.

Эске салсак, кечээ, 29-мартта Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Эң алгачкысы болуп түз эфирде министр Бейшеналиев өзү эмделген. Жалпысынан препараттын 150 миң дозасы алынган, биринчи кезекте ал Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы медиктерге, социалдык кызматкерлерге жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө сайылмакчы.