2021-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР

 

 

 

 

 

 

Баткенде күйүүчү-майлоочу май аткезчилигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР УКМК чек ара кызматынын «Жаны-Жер» аскер кызматкерлеринин жардамы менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунда май куючу жайлардын биринин кампасына берилген санкциянын негизинде тинтүү жргүзүлдү.

Кампанын аймагына жүргүзүлгөн тинтүүнүн учурунда, коңшу өлкөнүн жасалма мамлекеттик номеролүү жеңил унаа табылып, анын салонунан 650 литр солярка табылып алынды.

Аталган факт боюнча коңшу өлкөнүн 2 адамы кармалды.

Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.