Мындай пикирин коомдук ишмер, саясатчы Бакыт Бакетаевге «Кadam-media.kg » маалымат порталы, «Жерүй» алтын кени тууралуу ойлорун сурап кайрылганда билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик, эскичиликтен арылып, элге туура маалымат жеткириши керек.

» Жерүй кени боюнча менин жеке пикирим, Президент Садыр Жапаров Жерүйгө өзү барып , өзү ачты.

Эл Президент Садыр Жапаровго үмүт артып , ишенип 80% пайыз добушун берген. Эгер Садыр Жапаров өзү барып, өзү ачса бул деген эмнени билдирет?

Биринчиден ал киши Кыргызстанга, кыргыз элине канчалык пайда алып келерин байкап, анан чечим чыгарды деп ойлоймун. Бул маселе боюнча президент Садыр Нуркожоевич   башта, мен өзүм жоопкерчиликти аламын, эгерде кандайдыр бир маселе болуп калса деп айткан. Демек ал ар кандай маселе боюнча бизден караганда көптү билет, чечимдерди акыл калчап чыгарат. Элдин ою, партиялардын ою ар кандай сөздөр мурун деле айтылып келген, азыр деле айтылып келет. Болгону ишеним , колдоп турган оң, калганын убакыт көрсөтөт.

 

Мен өзүм жакында Таласка барып келдим. Талас элинин көпчүлүк бөлүгү ишенишпейт бул долбоорго,  келечеги жок , пайдасы жок деп. Өтө көп бүдөмүк  суроолор бар. Элге негизи түшүндүрүү маалымат иштерин жүргүзүү керек. Так жана туура маалымат жеткирилип турбаса, кийин маалыматтын жоктугунан түшүнбөстүктөр  көп жаралышы мүмкүн.

 

Президент Садыр Жапаров келет десе, эл чогулуп сүйлөшүү, суроолорубузду , сунуштарыбызды берели десе , жергиликтуу бийлик ал токтобойт силер менен сүйлөшпөйт. Ал кишинин өзүнүн программасы бар деп, эскиче  маалымат берип, эскиче иштерин жүргүзүштү мен өзүм күбө болдум. Бирок Президент токтоду ал жерге. Мен ошон үчүн кайрылат элем жергиликтүү бийликке “токтоткула эскичиликти Президент баштагыдай эмес, эл да баштагыдай эмес өзгөрүлдү заманга жараша. Ошо жергиликтүү бийлик акимдер , губернаторлор , айыл өкмөт бийликке жагыныш үчүн , аз эле эл чогулду таратып салдык деп жагынуунун ордуна эл менен иштегенди билиш керек.”

Менин пикирим боюнча Президент Жерүй кени боюнча элге кенен маалымат бериш керек. Анткени Жерүй боюнча суроолор аябай көп болууда.

Путин бул долбоорго өзү катышса бул дегендик Орусиянын көзөмөлүндө дегенди түшүндүрөт. Орусия менен биздин стандарттарыбыз окшош, азыркы  геосаясий структура тыгыз байланышта. Анан биздин миңдеген  жараныбыз ал жакта эмгектенип жатат. Бул долбоорду токтотконго болбойт. Болгону жергиликтүү элге так жана туура маалыматты жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө токтобой иштей берет анан келечеги болот » — деп билдирди Бакыт Бакетаев.