Алайда кар көчкү астында калган өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-апрель күнү болжол менен саат 13:30да Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн.

Ошол учурда 14 жаштагы бала мал карап жүрүп, дайынсыз жоголгон. 7-апрель күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Алай районунун бөлүм башчысы, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам, 1 экскаватор тартылып, саат 16:30да издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болго эмес.

Бүгүн, 8-апрель күнү издөө иштери улантылат.