Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы мыйзамсыз байыды деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган судья мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө жана бир катар коммерциялык объектилерге ээлик кылат. Тагыраагы, анын 74 кымбат батири, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жайы, ошондой эле Бишкек шаарынын «алтын аянты» деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери бар болуп чыккан.

«Муну менен катар Ж.М.Б. кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында аларды туугандарына жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн. Учурда судьяга таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объектилерин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тиешелүү текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын натыйжасы боюнча, кылмыш ишинин керектүү материалдары кылмыш ишин козгоого макулдук алуу боюнча Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.