2021-жылдын 23-мартында Токтогул районунун Торкен шайлоо округунун талапкерлеринин арызы боюнча, Токтогул райондук аймактык шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык кеңешинин отурумунун чечиминин негизинде, Токтогул районунун Торкен айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер катары көрсөткөн, 1962-жылы туулган А.Г., 1978-жылы туулган Т.А. жана 1977-жылы туулган Т.Ж. жасалма атестаттары менен дипломдору жасалма же жасалма эмес экендиги боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп берүү үчүн, Токтогул райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына кат келип түшкөн.
Ушул эле күнү, Токтогул РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренесинде (документтердин жасалмасы) кѳрсѳтүлгѳн кылмыштын курамынын белгилери менен катталып, тергөө башталган.
Тергөө учурунда, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын катынын негизинде, А.Г. БА № 200624524 сандуу орто билим алгандыгы тууралуу аттестат алгандыгы жана Т.Ж.Т Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик техникалык окуу жайын “Газоэлектросварщик, “С” категориясындагы айдоочу” кесиби боюнча окуунун толук курсун аяктап, диплом алгандыгы аныкталган.
Ал эми, Т.А. 1995-жылы Торкен айылындагы орто мектептен (азыркы учурда Торкен айылынын Т.Ашыралиев атындагы № 19 жалпы билим берүү орто мектеби) А № 082804 сандуу орто билимин тастыктаган аттестатты албагандыгы жана окубагандыгы аныкталган.
2021-жылдын 8-апрелинде Токтогул райондук аймактык шайлоо комиссияга, жергиликтүү кеңешине депуттатыкка талапкер катарында ѳз талапкерлигин койгон, Т.А. кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү үчүн кат жиберилип, уруксат алынган.
Ушул эле күнү, Т.А.га карата сыртынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренесиин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен шектүү катарында билдирүү чыгарылган. Учурда иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
Ош шаардык кеңешке депутаттыкка талапкердин өкүлү азык-түлүк түрүндө продуктуларды таратышып, добуш сатып алуу менен алектенип жатышкандыгы тууралуу маалымат текшерүүгө алынган. 2021-жылдын 8-апрель күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин атынан 2003 -жылы туулган 2-топтогу майып З.С.га азык-түлүк түрүндө продуктуларды алып барып беришкен Ж.А. менен биргеликте жеке жактоочу 1960-жылы туулган Э.Ш. аныкталды.
2021-жылдын 8-апрель күнү жеке жактоочу Э.Шга Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы