Бишкек шаарында 13 мугалим жана 22 окуучу коронавирус илдети менен ооруп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эльмира Иманалиева  маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдөнүп жатат.

«Бүгүнкү күндө борбор калаада 13 мугалим жана 22 окуучу коронавирус илдети менен ооруп жатат. Ал эми эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз.

Эгерде ата-энелер балдарын үйдө онлайн окутууну кааласа, арыз жазып берсе болот. Андан соң аларга мугалимдер тарабынан тапшырмалар берилет. Учурда 10 74 окуучу үйдө билим алып жатат», — деп билдирди Эльмира Иманалиева.

Буга чейин мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарындагы мектептер жана бала бакчалар жабылбайт. Буга чейин кандай режимде иштесе, ошол бойдон иштей беришет, болгону 14-апрелге чейин аралыктан окушат. Анткени шайлоодон соң  мектептер дизинфекцияланат деп  маалымдалган.