Коом
Ал шок абалда. Дайынсыз болуп жаткан Альбина Бапиева табылды
8-апрель күну эртең менен мектепке чыгып кеткен Альбина табылды. Бул тууралуу Kaktus.media анын байкеси Асан Аттокуровдун билдирүүсүнө таянуу менен жазды.
Анын айтымында Альбина Бишкектин Ленин районуна табылды. Ал аман-эсен, бирок шок абалда.
«Ал жоголуп кеттим, деди. Андан башка эч нерсени түшүндүргөн жок», — деди Асан Аттокуров.
Эске салсак, Альбина 8-апрель күнү, эртең менен мектепке чыгып кеткен, бирок мектепке жеткен эмес. Акыркы жолу телефону Ош базарынын жанынан иштеп, андан кийин өчүп калган. Милиция кызматкерлери Альбина Жалал-Абадда жашаган атасыныкына кетип калган болушу мүмкүн, деп божомолдогон. Бирок, ал жака барбаганы аныкталган.