Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Юрий Беленков адам мээнин тромбоз илдетине чалдыкканы жатканын кайсы белгилерден байкаса болорун айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Дарыгер төмөнкү белгилерди санады:
- чыдатпаган баш оору;
- беттин симметриясынын бузулушу;
- тилдин буулушу;
- көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
- кол менен буттун чымырап же кыймылга келбей калышы.
Мындан тышкары, адис айрым адамдар кыска мөөнөткө эсин жоготкон учурлар дагы болорун кошумчалады.
Мээ тромбозу — бул тромб мээдеги артерияга тыгылып, өлүмгө дуушар кылган инсульттун бир түрү. Бул илдет улгайган, кан басымы жогору же атеросклероз менен ооруган адамдарда көп кездешет. Айрым учурда жаштарда дагы болушу мүмкүн.