Кечээ, 11-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы, 23-февралда Ысык-Ата районунун тургуну арыз менен милицияга кайрылганын билдриген. Ал жарандык күйөөсү баласын сабаганын айткан.
Бала — шектүүнүн өгөй баласы. Арыздануучунун айтымында, жолдошу баланы сабаганын видеого тартып, WhatsApp аркылуу жөнөткөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган К.К. атту жаранды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Медициналык корутундуга ылайык, баланын ден соолугуна зыян келтирилген.
3-мартта тергөө аяктап, кылмыш иштин материалдары сотко өткөрүп берүү үчүн Ысык-Ата райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.
Учурда бул окуя боюнча сот процесстери жүрүп жатат.
Эске салсак, WhatsApp тиркемесинде эркек киши кичинекей баланы сабап жатканда тартылган видео тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.