Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган.

Эске салсак, Курсан Асанов өткөн жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып, 26-январда камакка алынган. Ага Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү (имараттарды жана курулуштарды басып алуу) менен айып тагылган.