Россия 15-апрелден 1-июнга чейин Түркия жана Танзания менен үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды чектейт, деп жазды ТАСС вице-премьер-министр Татьяна Голиковага шилтеме берип.

Эгерде ал жактагы кырдаал турукташса, эки өлкө менен тең аба каттамы калыбына келтирилет, деп кошумчалайт ТАСС.

Роспотребнадзордун башчысы Анна Попованын айтымында, Россияга Ковид-19 менен кайтып келгендердин дээрлик 80% жакында Түркиядан келишкен. Акыркы бир жумада коронавируска байланыштуу кырдаал Москва аба каттамын ачкан 21 мамлекетте начарлап кеткен.