Борбор калаанын Октябрь райондук милиция кызматкерлери кечээ кечинде Бишкектин 3-кичи районундагы балдар аянтчасынан тапкан баланын ата-энесин табууга жардам сурап жатышат. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Белгилери: бою 90 сантиметр, арыкчырай, чачы сары.

Ал аскердик түстөгү куртка, сол жагына ак түстө саймаланган «К» тамгасы, ТАНГУА деген жазуусу бар кызыл баш кийим, бирюза күрмө, көк джинсы, бутунда боз түстөгү спорттук бут кийим кийип жүрөт.

Эгерде баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, милиция сизден: 0700103384, 0707214359, 0312544184 жана 102 телефон номерлери менен байланышууну суранат.