Япониянын Тояма шаарынын полиция бөлүмү мышыкты бир күнгө башчы кылып дайындады. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирет.

Салтанаттуу дайындоонун себеби, Коко аттуу үй жаныбары адамдын өмүрүн сактап калган. Өткөн жылдын жай мезгилинде жергиликтүү тургун мышык шаардык сугат каналы тарапка кантип карап тургандыгын байкаган. Аял жаныбардын эс-учун жоготкон абалда жаткан улгайган кишини карап турганын көрөт. Келген куткаруучулар адамды эсине келтирүүгө жетишкен.

Сыйлык тапшыруу аземинде Кокого полиция формасын жана баш кийими кийгизилди. Мышык таманына штамп коюп, салтанаттуу түрдө берген анттында «сейилдөө учурунда мындан ары да сергек болууга убада берди». Ошондой эле ал Тояманын башталгыч мектептеринин бириндеги жол коопсуздугу боюнча сабакка катышкан.