Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызатынан кабарлагандай, 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында 2019-жылы туулган бала сууга чөгүп кеткен.

«Талас облусунун, Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында Талас дарыясына 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында 2019-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Талас шаарынан жалпы 17 куткаруучу, жана 5 суучул тартылган.

Ошондой эле ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Кошумча маалымат берилет”, -деп айтылат маалыматта.