Голландиялык астрономдор Муха топ жылдызынан Жерден 360 жарык жыл аралыктагы күн тибиндеги жылдыздын айланасында ири YSES 2b планетасын ачышты жана анын сүрөтүн жарыялашты. Бул планета эмне үчүн ушунчалык чоң экендиги жана ал кантип пайда болгону табышмак бойдон калууда. Илимпоздор табылгаларын Astronomy & Astrophysics журналына жарыялады.

YSES (Young Suns Exoplanet Survey) программасынын алкагында байкоо жүргүзүү SPHERE инструменти менен жабдылган VLT (Very Large Telescope) телескоптук комплексинин жардамы менен жүргүзүлдү, бул түздөн-түз экзопланеталардын сүрөттөрүн алууга мүмкүнчүлүк берген, поляриметриялык – спектр, жогорку контрасттык шайман. YSES-2 2018-жылдын 30-апрелинде жана 2020-жылдын 8-декабрында байкалган. Мындай аралык YSES-2 айланасында жүргөн асман телосунун бар экендигин тастыктоого мүмкүндүк берди.

YSES 2b – газ абалында,ал Юпитерден алты эсе оор жана анын өзүнүн жылдызы Жерден 110 эсе алыс турат. Жылдыздын жашы 14 миллион жыл деп болжолдонууда. Ушундай жаш системада жылдыз менен планетанын ортосундагы чоң аралык анын пайда болушунун эң белгилүү эки моделинин бирине дагы дал келбейт.

Эгерде планета азыркы турган жеринде пайда болгон болсо, анда ал газ-чаң дискте заттын жоктугунан мынчалык масштабдуу болмок эмес. Эгерде YSES 2b дисктеги гравитациялык туруксуздуктун натыйжасы болсо, анда, тескерисинче, анын массасы жетиштүү чоң эмес.

 

Илимий эмгектин авторлорунун айтымында, YSES 2b Юпитерге окшогон кең орбиталык планеталардын пайда болушунун физикалык жана химиялык механизмдерин түшүнүү үчүн кийинки байкоо жүргүзүү үчүн идеалдуу максатты билдирет.