Май айында кыргызстандыктар үч күн эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда белгиленген.

Жыл сайын үч майрам белгиленип келет, бирок быйыл өзгөртүү бар.

  • 1-май — Эмгек майрамы;
  • 5-май — КРдин Конституция күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү.
Эгерде эс алуу менен майрам күндөрү дал келсе дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат. Эреже боюнча 1-май ишембиге туш келгендиктен 3-май дагы эс алуу күнү болмок. Бирок өкмөт күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу үчүн 3-майдагы эс алууну 8-январга жылдырган.

5-май шаршембиге туура келет. Ал эми 9-май жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү күнү, башкача айтканда, 10-майда кыргызстандыктар эс алат. Мындан сырткары, орозо айт бар. Бирок азырынча анын так датасы билине элек. Ошондо жалпысынан кыргызстандыктар ишемби менен жекшембилерди эсепке албаганда кошумча үч күн эс алат.