Коом

Айнагүл Рыскулбекова: «Конокторду чакырууну, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү токтото тургула»

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 117 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова маалымат жыйын берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча илдет коп каттлаган аймак, Бишкек шаары болууда.  Борбордо 102 адамдан коронавирус илдети аныкталса, башка региондон келгендерден 15 адамдан илдет тастыкталган.

Бишкек шаары боюнча:

Ленин району — 20;

Свердлов району — 18;

Биринчи Май району — 21;

Октябрь району — 43.

Ал эми башка региондон келгендердин ичинен 15 адамдан илдет аныкталды.

«Кечээ 32 адам ооруканага жаткырылды. Амбулатордук түрдө дарылангандардын саны — 85.

Конокторду чакырууну, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү токтото тургула. Өзүңөр дагы конокко барбай тургула. Аралыкты сактап, санитардык эрежелерди так сактоого чакырабыз», — деп билдирди Айнагүл Рыскулбекова.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button