Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасында айтылгандай, 2020-жыл тарыхтагы эң ысык үч жылдын бири болуп, токой өрттөрү, кургакчылык, суу ташкыны жана мөңгүлөрдүн эриши менен коштолду.

«Биз туңгуюкка кептелдик. Дүйнөлүк жылуулуктун, токой өрттөрүнүн кесепетинен тропикалык бороондордун, муз катмарларынын же мөңгүлөрдүн ээришин көрүп жатабыз ”, — деди БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Рейтер агенттигине.

Отчетто 2020-жылы глобалдык орточо температура болжол менен 1,2 градус жогору болуп, аны 2016 жана 2019-жылдар менен катар эң ысык үч жылдын катарына кошкону айтылат.

Америка Кошмо Штаттары эң ири өрт кырсыгын да, жээкке жеткен эң катуу бороонду да көрдү. Луизана штатында 27-августта болгон Лаура куюну эле 19 миллиард доллар экономикалык зыян келтирген.

Калифорниядагы Өлүм өрөөнүндө 2020-жылдын август айында дүйнөдөгү акыркы 80 жылдагы эң жогорку температура катталып — 54,4 градусту түздү.

Мындай жагдай климаттын кескин өзгөрүшүнөн ансыз да жапа чеккен миллиондогон адам үчүн бөтөнчө кыйынчылык жаратарын кошумчалаган.

Гутерриш дүйнө лидерлерин аталган документ менен таанышууга чакырып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө үндөдү