Чуй облусунун Токмок шаарында  кайрымдуулук фонд ачып социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө жардам берген жаштардан  «Кadam.media.кg» маалыматтык порталы маалымат алды. Кызыгы, фонд ачкан балдар жогорку окуу жайдын студенттери жана мектеп окуучулары.

«Биздин фонд «Садака » деп аталат.  Бул сөз баарыбызга белгилүү болгондой эле,   кайрымдуулук дегенди билдирет.

Дин жагынан караганда кайрымдуулук кылган инсан  бул өтө чоң соопго ээ болот делет. Анан дагы биздин  максаттардын бири –  жаштарга үлгү болуу,  Жакшылыктарга себепчи жаштардан  болуу.  Кайрымдуулук деген эмне – бул бай менен кедейдин, ач көз менен берешендиктин ортосунда көпүрө десек жаңылышпайбыз. Адамдардын ортосунда эки  айрымды жок кылып,  боорукердикти жайылтат.

Бизде фонддо 12 ыктыярчы бар, алардын төртөө кыз, 8 бала. Анан ичинен эң кичүүсү 17 жаштагы мектеп окуучусу, эң улуусу 23 жашта. Токмок шаарында  кеңсебиз   жайгашкан ошол жерде чогулуп талкуу жана сүйлөшүүлөр болот.

«Биздин фондго эч кимден, же болбосо эч бир жактан  жардам берилбейт » дейт каарманыбыз.

Жардам сураган эмеспиз, эч кайдан өзүбүз ыктыярчы балдар акча чогултуп эле,   барабыз же болбосо фондтун инстаграм бараксынан  кайрылуу  жасайбыз. Муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн видео кайрылуусу же учурдагы абалы жөнүндө маалымат берилет. Бир уюмдан же мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөйт. Ыктыярчылар өзүбүз эле,   мүмкүнчүлүк жетишинче чогултуп жардам беребиз десем болот. Кайрымдуулукка барарга жакын социалдык жактан муктаж үй-бүлөгө барып сүйлөшөбүз абалынан кабар  алынат.  Эмне жетишсиз болуп жатат, кандай көйгөйлөр бар ошолорду билип алып кетебиз.

Биздин ыктыярчылар группага бөлүнүп иш алып барат. Ар ким өз ишин аткарып жардам бергендей кылып. Мисалы  Биринчи группа үй-бүлөлөргө барып сүйлөшсө, экинчи группа азык-түлүк, кийим, акчалай жагынан чогултуп даярдык көрсө. Үчунчу группа чогулган жардамды жеткирүү, а төртүнчү группа болсо соцтармакты иштетүү, сүрөт, видео текст жазып маалымат берүү.

Учурда  ондон ашык социалдык жактан муктаж үй-бүлөгө жардам берилди. Акча жагынан болобу же азык-түлүк, кандай жардам  болбосун колубуздан келсе бергенге аракеттенип жатабыз. Ар кандай үй-бүлө болот. Мисалга, бир үй-бүлө батирде турган экен акчасын төлөй албагандыктан,  сыртка чыгарышып салышкан. Биз  батир караштырып,  акчасын төлөп  ал үй-бүлөнү киргизип койгонбуз. Мындай окуялар арбын.Карапайым эл арасында билбегени менен көп. Муктаж болгон үй-бүлөлөр өздөрү жазат бизге инстаграмдан жардамга муктаж экендигин. Карап көрөбүз чын эле муктажбы же жок абалын анан жардам көрсөтүлөт.

«Садака»  фонд ачылганына буйруса 7 ай болот дейт  каарманыбыз Даанышман.

» 2021- жылдын апрель айында 7 ай болот. Эмне түрткү болду фонд ачканыңарга деп суроо болбой койбойт. 2020- жылдын пандемия учурунда эл экономикалык жактан аябай кыйналды десем жаңылышпайм. Жакырчылык эл арасында  кескин түрдө көбөйүүдө. Азык-түлүк, жашоо негизи эле баары  кымбаттады.  Пандемиянын элдин жашоосуна тийгизген таасири оор болду. Анан дос балам  Бектур экөөбүз, инстаграм баракча ачып, колубуздан эмне келет? Кантип жардам бере алабыз? Биз элге кантип салым кошо алабыз ? Деген ойдун негизинде ачылып калды. Аз эле убакыт болду, бирок аракеттенүүн үстүндөбүз. Анткени азыркы учурда билимдүү , кайрымдуу жаштар менен биргеликте эле ичип-чеккен, туура эмес жолдо жүргөн жаштар көбөйүүдө. Башында айтып кеткендей эле, жаштарга үлгү болуу, коомго аз да болсо пайда келтирүү деген максатта ачылган бул  фонд  деп» — сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз Даанышман.

Даярдаган Орозгүл Аташова