Президент Садыр Жапаров республиканын энергетика тармагы ага бөлүнгөн акчалардын басымдуу бөлүгүн энергетиктер эмес, бийлик бутактарында отурган чиновниктер уурдап кеткенинен улам оор абалга тушуккан деп эсептейт. Мындай пикирин ал энергетикалык тармактын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчысы энергетикалык тармакты реформалоону адилеттүүлүк прициптерине негизделген жаңы тарифтерди киргизүү менен баштоону сунуштады. Башкача айтканда, шарты оор турмушта жашагандар аз, ал эми байлар көп төлөөгө тийиш.  

Эксперттер жана энергетиктер ансыз деле тарифти көтөрүү керек экенин айтып келишет, анткени азыркы тарифтер энергосистеманын өзүн кармап турууну камсыздай албай калды. Демек, мамлекет ортодогу айырманы энергокомпанияларга туруктуу субсидиялап, же карапайым тил менен айтканда, эл төлөй турган айырма акчаны төлөп келүүдө.

Кыргызстан бүгүнкү күндө узак мөөнөттөн бери энергетикага тарифтерди көтөрбөй келаткан КМШдагы бирден бир мамлекет (акыркы жолу тарифтер 2015-жылы көтөрүлгөн). Ошол эле 2015-жылдан бери айлык акылар 11%здан ашуун жогорулаганы менен тарифтер эски бойдон калган.

Бизде энергетика тармагын өзгөртүү боюнча мындан 15-18 жыл мурда кол коюлган макулдашуулар бар, кредиттер мына ушул саясий милдеттенмелерге алынган. Бул маселе эл аралык энергетикалык уюмдар же бул же тигил өлкөнүн энергетика тармагын колдоо мандатына ээ эл аралык уюмдар менен такай талкууга алынып келет. Алардын акыркы 12 жыл ичиндеги бардык отчетторунда электр энергиясына  болгон тарифтерди жогорулатуу зарылчылыгы айтылып келет.

Мисалы, 2019 -жылы Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) өлкө бийлигине электрге болгон тарифтерди жогорулатууну баса сунуштаган.

«Киреше жок экенин талдоо көрсөттү, анан тармак кайсы финансылык каражаттардын эсебинен өнүгүүсү керек? Бир гана жол — модернизациялоого инвесторлорду тартуу керек, азыр Токтогул ГЭС каскадынын иштеп жаткан электр станцияларында Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоору боюнча дал ушундай иш жүрүп жатат. Электрди керектөө аны өндүрүүгө караганда алда канча ылдам темптер менен өсүүдө. Өзүнүн долбоорунан пайда көрөөрүнө көзү жетмейинче инвестор келбейт. Бул үчүн кирешенин элементтери бар тарифтерди киргизүү керек», — деп айтылат эксперт Венера Касымованын akchabar.kg. сайтына берген маегинде.

Баса, өлкөдө тарифтерди жогорулатуунун календарлык планы Жоомарт Оторбаев өкмөт башында турган кезде эле бекитилген экен. Бирок бул маселенин улам саясатташтырылышы жана популизмдин аркасынан упай топтоп көнгөн элиталардын оюндары энергетиканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей келет.

Эксперттердин айтымында, азыркы колдогу энергетикалык системада да Энергетикалык биржа түзүп ашыкча электрэнергиясын сатууга болот, бул электр энергиясын өндүрүүнү колдоого алып, электрди көп керектеген ишканаларды камсыз кылмак. Бизде азыр криптовалюта таба турган майнингдик фермалар ачылган. «Манас» аэропорту сыяктуу стратегиялык ишканалар, жадагалса, пандемия шартында да туруктуу өсүш көрсөтүп жаткан ири салык төлөөчүлөр бар. Буга кошумча элдин саны да жылдан жылга өсүп жатат.

СССР тараганда биздеги калктын саны 4 млн болсо, учурда 6 миллиондон ашты. Мейли, анын 1 миллиону миграцияда жүрөт дейли, бирок бул өсүш электр энергиясын пайдалангандардын санынын да көбөйүп жатканын билдирет. Мисалы, ошол эле уюлдук операторлор – булар жалаң гана уюлдук телефондор эмес, электр энергиясын суткасына 24 саат бою колдонгон базалык станциялар да болуп саналат. Мындан тышкары, интернет провайдерлер  ж.б. бар, башкача айтканда, ишканалар жабылып жатканына карабай, энергияны көп керектеген өндүрүштөрдүн саны көбөйүүдө. Буга кошумча, калктын санынын дагы өсүүсү күтүлүүдө, 2025-жылга биз 7 миллионго жакындап калабыз.

Телевизор, гаджеттер, компьютерлер, телефон азыр ар бир үйдө бар. Мисалы, мурда 3 адамдан турган үй-бүлө айына орточо алганда 40 кВт энергия керектесе, азыр бул 800 кВт.га жетти. Бул акыркы 8 жылдагы, айрыкча Бишкектеги өсүш. Натыйжада жабдуу технологиялык жактан эскирүүдө, алынып жаткан кредиттердин алкагында кандайдыр бир иштер аткарылып жатканы менен Бишкек шаарындагы трансформаторлорго көңүл бурулбай калды, ошондуктан апта сайын ремонт иштерине байланыштуу жарыкты өчүрүүлөр кадыресе көрүнүшкө айланды. Башка аймактардагы абал деле ушундай.

Ошондуктан оор келбес үчүн тарифтерди этап менен көтөрүүгө болот. Адегенде ар бир тургунга социалдык тариф боюнча сатыла турган электр энергиясынын белгилүү бир өлчөмүн аныктап алуу керек. Анык өлчөмдөгү киловатттан ашып кеткенде жаңы тариф боюнча төлөй башташы керек. Бул адамдарды биринчиден, электр энергиясын үнөмдөөгө үйрөтөт. Экинчиден, мамлекет тарабынан берилүүчү субсидияны азайтып, бюджетке жардам берет.

Тармакты өзгөртүүдө башкы нерсе бул – компанияларга көзөмөлдү күчөтүү. Киреше түрүндө алынган бардык каражаттар энергетиканы тескеген чиновниктердин чөнтөгүнө кирип кетпей, модернизациялоого жумшалышы керек.