Бишкектин вице-мэри Русланбек Акылбеков Бишкек шаарындагы транспорттук компаниялардын жетекчилери, жүргүнчү ташуучу ассоциациялардын төрагалары жана жеке маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта ылайык,  жолугушууда коомдук транспорттордогу жол кирени жогорулатуу жана айдоочуларга салыктарды азайтуу маселелери талкууланды. Вице-мэр белгилегендей, бардык маселелер укуктук талаада чечилиши керек.

“Учурда мэрия бул багытта иштеп жатат. Айдоочулардын мындай мамилеси — нааразычылык акцияларын уюштуруу жана коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратуу, шаардык муниципалитет менен транспорттук компаниялардын ортосундагы келишимдерди бузуу болуп саналат. Өз кезегинде айдоочулар баалардын тез арада көтөрүлүшүн талап кылышып, антпесе жумушка чыкпай тургандыктарын айтышты», — деп жазылат билдирүүдө.

Вице-мэр мэриянын мыйзамды бузууга укугу жок, экенин айтып, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек экендигин белгилеген. Мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Токтомдун долбоорун депутаттардын кароосуна жиберүүдөн мурун документ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, белгиленген ченемдик укуктук актылардын бардык баскычтарын өтүшү керек.

Жол кирени кымбаттатуу боюнча буга чейин жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына жүк ташуучулардын, транспорттук жана башка бирикмелердин өкүлдөрү кирген. Биринчи этаптагы профилдик комиссиянын корутундусуна ылайык, мэрия документти коомдук талкууга чыгарат. 26-апрель күнү иштелип чыккан документ коомдук талкуулоо үчүн Бишкек шаардык администрациясынын сайтында жарыяланат. Талкуулар беш күнгө созулат. Талкуудан кийин документ Экономика жана финансы министрлигине жөнөтүлөт.