Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде мамлекеттик статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин  Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын статистика кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы жана кесиптик майрамыңыздар болгон маанилүү күн — Статистика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Ушул жылдарда Кыргыз өлкөсүнүн улуттук статистика системи калыптануунун, өнүгүүнүн жана реформалардын татаал жана даңктуу жолун басып өттү.

Ал дүйнөлүк статистикалык коомчулукка интеграциялануу багытында олуттуу кадамдарды жасады, өз ишинде эл аралык стандарттарды жана эрежелерди жигердүү колдонууда. Бир катар эл аралык уюмдардын эксперттери тарабынан республиканын статистика органдарынын ишмердүүлүгүнө берген баасы да айтылгандарды тастыктап турат. Республиканын улуттук статистика системинин ийгиликтери жана жетишкендиктери анын натыйжалуу мыйзамдар базасын камсыздаган мамлекеттин туруктуу колдоосунун жана көз каранды эмес статусунун аркасында, ошондой эле жогорку квалификациялуу статистика кызматкерлеринин өз ишине берилип иштегендигинин аркасында гана жаралды. Сиздердин ишиңиздердин негизги артыкчылыгы — Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө толук, ишенимдүү, илимий негизделген жана өз убагында берилүүчү расмий статистикалык маалыматтар менен коомду камсыздоо болуп саналат.

Сиздердин алдыңарда жаңы милдеттер турат. Расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу боюнча бардык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган санариптик маалыматтык технологияларды ишке киргизүү жолу менен статистикалык системди модернизациялоо процессин тездетүү керек. Ушул жылы калкты жана турак жай фондун каттоону электрондук форматта өткөрүү зарыл, бул алынган маалыматтарды чогултууну тездетүүгө жана сапаттуу иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Статистика органдарынын бирдиктүү жамааты бул милдеттерди ийгиликтүү аткарат деп ишенем. Кызматтык жана кесиптик милдеттериңиздерди жоопкерчиликтүү аткарганыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздерге Кыргыз Республикасынын статистика кызматкерлерине жана ардагерлерине ден соолук, бакты-таалай жана ийгилик каалайм! Майрамыңыздар менен», — деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.