Нарын ШИИБнын милициянын аймактык тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Турсунбек уулу Кубанычбектин милиция кызматын тандап калганына кадимки эле уурулук себеп болгон. Тактап айтканда каарманыбыз мектепте жогорку класстарда окуп жүргөн убакта айылында мал уурулук көбөйүп, өзүнүн анан кошунасынын уюн уурулар уурдап кетишет. Кубанычбек өзүнүн уюн уурдап кеткенине анча деле кейиген эмес, кошунасы жаш үй-бүлө болчу, анан дагы кичинекей эгиз кыздары бар эле. Саап ичип жаткан жалгыз уйлары болчу. Ошону уурдап кеткенине аябай капа болуп, келечекте милиция кызматкери болууну каалап, уурулардын жазасын бергиси келген. Кийин жогорку окуу жайды аяктагандан кийин, бир эки жылча башка кесипте иштейт. Бирок, кошунасынын, эптеп жашап жаткан үй-бүлөнүн жалгыз уюн уурдаган ууруларды эсинен чыгарбай келген. Ушуга окшогон кылмышкерлер менен күрөшүү үчүн бир гана жол бар экендигин баамдап билген Кубанычбек 2017-жылы Нарын ШИИБнын ЖӨИИ кызматынын тескөөчүсү болуп иштеп баштаган. Каарманыбыз өспүрүмдөр менен иштеп калгандыктан азыр ата-энелер тарабынан балдарга туура тарбия берилбей жаткандыгына өкүнөт. Албетте, жумуш ыргагында ар кыл окуялар да болот эмеспи.
Ал күнү Кубанычбек күнүмдүк нөөмөтүндө болчу, саат кечки ондор чамасында телефондон “Нарын шаарына жакын жайгашкан Ала-Мышык деген тоолордун бетинде үндөр жаңырып, кол чырактын жарыктары көрүнүп жаткандыгы”-тууралуу билдирүү түшөт. Ал тоолор тике, бийик жарлары менен белгилүү болчу. Каарманыбыз жана эки кызматкер болуп кол чырактарды алып, тоону көздөй жөнөшөт. Жакын барышса чын эле тоонун бетинде үлбүлдөп күйгөн жарык ары-бери кыймылдап жаткан болот. Эмне себеп болгонун билиш үчүн ал жерге чыгып барыш керек, тоо бийик жана жарлары көп, түнкүсүн ал жакка чыгыш өтө эле кооптуу эле. Кызмат деген кызмат, Кубанычбек кесиптештери менен тоонун бетин көздөй чыгып жөнөшөт. Араң дегенде бир саатка жакын убакта баягы жарыкка жетип келишет. Жакын келсе өспүрүм эки бала экен, «Бул жакта түн ичинде эмне кылып жүрөсүңөр?»-деп сурашса алар бийик тоого чыгып сүрөткө түшөлү дешкенин, эми кайра жерге түшө албай жатышканын айтышат. «Башка дагы балдар барбы?»-деген суроого алар коркуп «Биз эле, башка эч ким жок»-деп жооп беришет. Жаңы эле кетели деп жатышса аркы коктудан жаңырган кыйкырык угулат, көрсө топтошуп келген балдар тоого чыгарын чыгып алып, караңгыда жерге түшө алышпай бири-бирин жоготуп, кыйкырып издешип жаткан экен. Каарманыбыз шериктери менен тоонун бетиндеги балдарды чогултуп, беш-алты саат дегенде араң жерге түшүшөт. Өспүрүм балдарды бөлүмгө алып келип, өздүктөрүн тактап, ата-энелерин чакыртышат. Келген ата-энелер милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, балдарын алып кетип жатышса, кээ бирлери «Болоор-болбос нерсеге да бизди чакыртышат»-деп нааразы да болушуптур. Ошол түнү тоодон капысынан караңгыда кырсык болсо эмне болмок эле?! Анын үстүнө кыш мезгили болчу, балдар жерге түшө албай үшүп, тоңуп калышы да мүмкүн болчу. Кыскасы, Кубанычбекти таң калтырганы кээ бир ата-энелер өздөрүнүн балдарына кайдыгер карагандыгы. Кубанычбек келечекте милиция кызматында чоң ийгиликтерге жетишип, элдин ак эмгек менен тапкан мүлкүн уурдап жаткан уурулар, кылмышкерлер менен күрөшүүсүн токтотпостугун айтып өттү.
Булак: “Бетме-бет” гезити