Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу унаа күйүүчү май ташыган вагондун астында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Индустриальная көчөсүндө күйүүчү май ташыган 20 вагон-цистерна ички темир жол аркылуу “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын аймагына бара жаткан учурда “ХОВО” үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Кырсыктын кесепетинен бир вагон-цистерна жолдон чыгып кеткен. Ошондой эле оор жүк ташуучу унаанын багынан күйүүчү май аккандыгына байланыштуу жана өрт коопсуздугун сактоо максатында жерине бир өрт очүрүүчү бөлүм тартылган.