Кылмыш-кырсык

Ош шаарында күйүп кеткен автобустун ичинде 14 жүргүнчү болгон

Кечээ, 25-апрелде Ош шаарында күйүп кеткен автобустун ичинде 14 жүргүнчү болгон. Бул туралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, автобустун айдоочусу убагында өрттү байкап, ичиндеги жүргүнчүлөрдү эвакуациалаганга жетишкен.

Бирок бул окуяга чейин деле шаар тургундары 13-каттамдагы автобустардын ичин кара түтүн каптап, талапка жооп бербей калганын айтып келишкен. Анткен менен Ош шаарындагы авто унаа муниципалдык ишканасынын жетекчиси Саибжан Турдуев күнүнө шаарда каттамга чыккан коомдук транспорттор ар күнү техникалык кароодон өкткөрүлөрүн айтты. Күйүп кеткен автобус оңдоп-түздөөдөн өткөндөн кийин кайрадан каттамга чыгат.

«Блокпитаниядан» өрт чыгып, кырсык катталды. Мындай корутундуну Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин өрт өчүрүүчүлөрү чыгарып берди. Бүгүнкү күндө биз 7 кишиден турган атайын адистер менен комиссия түздүк. Алар өзүнүн ишин аткарып жатат. Корутунду чыкканда дагы маалымат беребиз. Бул автобус оңдоп-түздөөдөн өткөндөн кийин кайра каттамга чыгат. Себеби автобустун мотору жана башка жактары таза», — деди Турдуев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button