Түп айылынын орто мектебинин  окуучуларына жергиликтүү  милиция бөлүмүндө ачык эшик күнү уюштурулду. Экскурсия нөөмөт бөлүмүнө баруудан башталды, анда балдарга, кылмыш иштери жөнүндө билдирүүлөр кандай тартипте катталаары кеңири баяндалды.

Окуучуларга күндүз “102” башкаруу пультунда кылмыштар жөнүндө гана эмес,  башка кырдаалдар жөнүндө да билдирүү келип тураарын  жана орто эсеп менен нөөмөт бөлүмүнүн бир кызматкери телефон аркылуу 100дөн ашык маалымат алып тургандыгын билдиришти. Нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери ыкчам кызматтарын, тергөө-ыкчам тобу жана жол көзөмөлдөө кыймылынын бөлүмүн, жөө кайгуул кызматтарын кандай көзөмөлгө алаарын иш жүзүндө көрсөтүштү.

Андан соң балдарга милиция кызматкерлеринин куралдары жана жеке коргонуу каражаттары, ок атуучу куралдар, граната, башка курал-жарактар кандайча  жайгаштырылгандыгы баяндалды. Андан кийин, ар бир окуучу жеке коргонуу каражаттарын колдонуп көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө “Калашников” автоматын ажыратып, чогултууга катышышты.

Иш-чаранын аягында балдарга дагы бир жолу өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептерин жана кесепеттери жөнүндө айтып беришти. Балдар милиция кызматкерлерин кунт коюп угуп жана иш-чарадан кийин аларга кызыктуу экскурсия уюштуруп бергендигине окуучу балдар ыраазычылык билдиришти.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы