Кыргызстандын Баткен облусунун лидерлери Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун Раджоббой Ахмадзода чек арадагы курч кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, алар кыргыз-тажик чек арасындагы Кызыл-Бел жана Гүлистон өткөрүү пункттарынын ортосундагы бейтарап аймакта жолугушту. Сүйлөшүүлөргө Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Согди облусунун Гафуров жана Исфара райондорунун башчылары, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери, суу чарба башкармалыктарынын башчылары катышууда.

Делегация мүчөлөрү Баткен жана Согди облустарындагы чек ара маселелери эки мамлекеттин чек араларын делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын протоколдоруна ылайык чечилиши керектигин баса белгилешти.

Губернаторлор ар бир чек ара аймагында чек ара маселелерин изилдөө үчүн жумушчу топ түзүүнү тапшырышты. Бир жума ичинде алар аталган топтордун ишинин жыйынтыгын талкуулашат.

Мындан тышкары, аймак башчылары 15 күндө бир жолугушуп, чек ара маселелерин чечип турууга макулдашышты.

Суваналиев менен Ахмадзода укук коргоо органдарынын башчыларына чек ара аймактарындагы калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча биргеликте иш алып барууну тапшырышты.

Алар жергиликтүү калк арасында пикир келишпестиктерге жол бербөө үчүн, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мамилелерди чыңдоого багытталган чараларды иштеп чыгуу керектигин белгилешти.

Эске салсак, «Головной» участогунун аймагында тажик тарап электр берүү линиясынын устундарына видеокөзөмөлдөөчү камераларын орнотууну баштаган. Экинчи видеокамераны орнотуу учурунда окуя болгон жерге келген УКМКнын  чек ара отряды жана Баткен ОИИБдин кызматкерлери видеокамераларды орнотууну токтотууну талап кылышкан. Кырдаал курчуп кетип. Жарандар бири-бирине таш ыргыта башташкан. Кийинчерээк ок атылган.