Бүгүн, 29-апрелде саат 14:00дө Тажикстан ИИМнин чек ара аскерлери жана атайын кызматы (спецназ) Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында миномет, пулемёт жана автомат менен аткылоону баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев окуя болгон жерде кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча чараларды көрүп жатат.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.

Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы 8 жаран жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.