Бүгүн, 30-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев башында турган медициналык кызматкерлердин тобу Баткен облусунда чек ара чырынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр менен бирге 2 жалпы хирург, 2 анестезиолог-реаниматолог, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр хирургу, бет-жаак хурургу жана травматологдор кетишти.

Медициналык топ Улуттук госпиталдын жана Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун адистеринен куралган, алар Исфана шаарына багыт алышты.