Орусиянын Президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр экендигин анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) жана ушул сыяктуу жалпылыгыбызды эске алганда, Путин Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр. Ал буга чейин дагы мындай кырдаалдарда ортомчулук кылып келген. Учурда эки өлкө ортосундагы дипломатиялык иштерге жана ок атууну токтотуу чечимине оң баа берип, кубаттайбыз», — деди Дмитрий Песков.