Лейлек тез арада колдоого муктаж. Тажик аскерлери жана жергиликтүү куралдуу тургундардын тынымсыз аткылоосунан жабыр тартып жаткан Лейлек району бийликтин жана элдин жардамына муктаж болуп жатканын жергиликтүү тургундар редакциябызга билдирди.

Алардын айтымында, тажиктер тынымсыз ок чыгарып жатат.

«Бизди минтип жардамсыз чек арага таштап койгон органдарды түшүнбөй турабыз. Биздин колубузда курал жок. Аскерлерге буйрук жок экен. Тажиктер армиясы, аскердик техникалары аз келгенсип жөнөкөй жарандары курал менен келип жерибизди талкалап жатат. Үй-бүлөлөрүбүз тоолуу айылдарда. Аларга да жардам керек. Көпчүлүк көңүл Баткен районуна бурулуп жатат, Лейлек району унутта калып жатат»,- деп кайрылды жергиликтүү тургундар.