Бүгүн борбор калаада Баткен облусунун 2 миңге жакын тургандары чогулуп, Баткенде чек ара чырынан жабыркаган жарандарга жардам берүү үчүн, чогулган  жардамдарды координациялоо жана иретке салып, бир жерден жөнөтүү максатында жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын күн тартибинде төмөндөгүдөй маселелер каралды:

  1. Жалпы чогулуштун протоколу:
  2. Жыйындын чечими:
  3. Айыл өкмөттөрү боюнча башчыларды дайындоо:
  4. Жалпы чогултулган каражатты эсепке алуу жана жооптуу адамдарды дайындоо:
  5. ЭЛСОМ жана башка элдик эсептер боюнча каржы булактарын ачуу:
  6. Бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө атайын топ түзүү.

Чогулган жарандар штаб түзүлгөнүн билдиришти.

«Штаб иштеп баштады. Чаржайыт болбой, ар бир жардамды даректүү, иреттүү жөнөтүү үчүн штаб менен тыгыз байланышта болгула. Бул жерде транспорт, ар бир айыл өкмөткө даректүү жеткирүү үчүн бүт камылгалар көрүлөт. Биз  бүгүн жыйында Президенттин, примьердин, спикердин атына сунуштар жиберилди»,-дешет уюштуруучу топ.

Ал эми чогулган  азык-түлүк жана башка жардамдар төмөндөгү даректер боюнча кабыл алынат, байланыш номерлери:

0555006954 Аширбай Баапов.

0550000855 Максат Дыйканов.

0772157739 Инаят Ниматова

0555358832 Талантбек Мамытов

0778231908 Сайрагүл Дуулатова

Дареги:  Ю. Фучик 7/1 Найман комплекси ,  Тумар рестораны;  Маевка ул. Тепличная-1