Төрт-Көчө ачылып Тажикстан Кыргызстандын «Кызыл-Бел» чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайына жакын аймактан куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти.

Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Омурбек Суваналиев менен Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, эки тараптан атайын комиссия түзүлүп, кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам иш алып барылды.

Баткен облусунан комиссиянын курамында ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен ОИИБнын башчысы Мурат Боронов жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Толонбаевдер болду.

Облус башчыларынын тапшырмасынын негизинде түзүлгөн эки тараптуу комиссиянын ишинин натыйжасында, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди.

Ошондой эле Тажикстан, Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы менен Тажикстандын “Гулистон” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайынын аймагындагы куралдуу күчтөрүн аймактан алып чыгып кетти.

Аймакта абал турукташууда.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы