Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган Атайын штабдын уюштуруу тобу аталган облуска жиберилген гум жардам тууралуу маалымат берди.

“Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган Атайын штаб бүгүн кечки саат 22.00гө чейин 3 336 950 сомдук азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, дары-дармектерди, анын ичинен 1 миллион сомдон ашыгы «Нурлуу кайрымдуу кыздар» фондунун колдоосун ӨКМдин уруксаты менен тийиштүү даректерге жиберилди.

Кыйын күндөрдө кол сунуп, жардамын аябаган бардык жарандарга ыраазычылык билдиребиз! Кыргыздын ынтымагы менен биримдиги дүйнө элин суктантып келген. Мындан ары да каныбызга сиңген бул улуу касиеттер улана берет. Жаратканыбыз тынч күндөрүн насип кылсын! Бар болуңуздар!” — деп айтылат уюштуруучу топтун билдирүүсүндө.

Ал эми, азык-түлүк жана башка жардам берүүнү көздөгөн жарандар, уюмдар, жеке ишкерлер төмөндөгү даректер боюнча кайрылышса болот, байланыш номерлери:

0555006954 Аширбай Баапов.

0550000855 Максат Дыйканов.

0772157739 Инаят Ниматова

0555358832 Талантбек Мамытов

0778231908 Сайрагүл Дуулатова

Дареги:  Ю. Фучик 7/1 Найман комплекси,  Тумар рестораны.