Бүгүн, 1-май саат 9:00гө карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, аталган аймакта түндө ок атышуу катталган жок.

«Баткен облусунун Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты. Ош-Исфана унаа жолу, Жака-Өрүк, ошондой эле жергиликтүү Төрт-Көчө жолдору тазаланып, ачылды. Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны көзөмөлдөөдө», — деп жазылат маалыматта.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.