Баткен облусунун Лейлек районунда азык-түлүк аз, жол жабык. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев иштеп жатат.

“Учак менен гана азык-түлүктү жеткире алабыз. Кечээ премьер-министр учак менен гана жеткирүү боюнча тапшырма берди. Жарандарыбыз тоолуу райондорго көчүп, ал жакта жашап жатат. Алар дагы кыйналып жатат”, — дейт ал.