Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды.


Анда эки тарап мындан ары эл дайымкыдай тынчтыкта жашап, толук стабилдүүлүк орнойт деген бүтүмгө келишкен.

«Биз бүгүн жолугуштук. Анда төрт пункттан турган протокол түзүлдү. Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Ооба, бүгүн биздин эл жана коңшу эл өтө ор учурду башынан өткөрүп жатат. Бизде трагедия болду. Бул учурда бизге жолугуп, сүйлөшүу да кыйын болуп жатты. Бирок ага карабай биз жолугушуп, баардык атышууларды токтотуу, техникаларды алып чыгып кетүү тууралуу сүйлөштүк. Буйруса баары тынч болот деп үмүт кылабыз», — деди Ташиев.

«Бүгүн бизде курч сүйлөшүү болду. Чек ара аймактарындагы болгон трагедия мындан ары эч качан кайталанбашы керек. Анткени бул тилкелерде биздин элдер мурунтан бери жашайт. Алар абдан дос, алар бири-бирине айып койбошу керек.

Биз баардык суроолорду мүмкүнчүлүккө карап достукта чечебиз. Эки тарап бүгүн суроолорду талкуулап жатып принциаплдуу макулдашууга келдик. Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынды. Мен биз муну кыла аларыбызга ишенем, биз тез аранын ичинде баардык көйгөйлүү маселелрди чечебиз жана биздин эл дайымкыдай тынчыткта жашап, толук стабилдүүлүк орнойт», — деди Саймумин Ятимов.