Бүгүн, 1-майда видеоконференцбайланыш форматында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун учурдагы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы   кабарлады.

Кыргыз тарабы 2021-жылдын 28-30-апрелинде болуп өткөн окуялар жана Кыргызстандын чек арага жакын аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымдады.

Эки тараптан тең жөнөкөй жарандардын арасында курмандыктар бар экени зор өкүнүч менен белгиленди. Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 1-2-майы Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалдын курмандыгы болгон жарандардын азасын күтүү күндөрү деп жарыяланды.

Министр Казакбаев, жаңжалдын мындан аркы өрчүүсүнө жол бербөөнүн жана аны тараптардын конструктивдүү тынч диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен бирге, буга чейин жетишилген ок атууну токтотуу жана аскерлерди артка кайтаруу жөнүндөгү макулдашууну аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи. Муну менен бирге, ал Кыргызстан эки тараптуу жана эл аралык милдеттерди жана макулдашууларды жактаарына ишендирди.

Буга катар министр жаңжалдын кесепетинде ички жер которгондордун саны 27 миң адамдан ашканын маалымдады. Ушуга байланыштуу, Баткен облусундагы оор гуманитардык абалды белгилөө менен бирге, ЕККУдан ички жер которгондорго жардам көрсөтүүнү суранды. Ошондой эле жаңжалдан кийинки мезгилде уроого учураган инфратүзүмдүк жана социалдык объектилерди, тынч жарандардын үйлөрүн кайрадан курууга көмөк берүүнү суранды.

Учурдагы төрайым Линде абалды жөнгө салууга кошкон өзгөчө салымы үчүн кыргыз тарабына ыраазычылык билдирип, жаңжалдын курчусуна жол бербөөнүн зарылдыгы боюнча тараптар бир пикирге келгенин кубаттады. ЕККУ Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилигинин ортосунда конструктивдүү диалогдун түзүлгөнүнө жана Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согд облусунун ортосундагы чек арадагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Протоколго кол коюлганына оң баа берди. Бул багытта, ЕККУнун учурдагы төрайымы тараптарды жетишилген макулдашууларды кынтыксыз сактоого чакырды.

А.Линде ЕККУнун жаңжалды мүмкүн болушунча эрте жөнгө салууну жактаарын жана чек ара боюнча талаштарды чечүүгө жана жаңжалдан кийинки кайрадан калыптандыруу иштерине жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, учурдагы төрайым жаңжалдан кийинки мезгилде чек арага жакын аймактарда улуттар ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ушуга байланыштуу ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси бул маселе боюнча жардам берүүгө даяр экендин маалымдады.

Жолугушуунун аягында тараптар күн тартибиндеги кечиктирилгис маселелер боюнча мындан аркы диалогду жүргүзүүнү макулдашышты.