Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди:

“Баткенде болуп өткөн окуядан сон, кыргыз эли жапа тырмак көмөктөшүүгө бел салды. Кечээ, (2.05.21 ) “Каганат Инвест” (Ихлас компаниясы) холдингинин негиздөөчүсү Осмонов Нурбек Жапарович, Баткендеги жабыркагандарга 20 үй куруп берүү чечимин кабыл алды.

“Жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кайгысын тен бөлүшүп, мындан ары кыргыз элимде жамандык болбосун, энелердин көз жашы төгүлбөсүн, тынчтыкта элим өмүр сүрсүн!” — деген каалоосун билдирди” — деп айтылат маалыматта.