Баткен облусунда болгон чатактан кыргыз жарандарынын үй-жайы, унаалары өрттөлгөн. Жалпысынан 170 кыймылсыз мүлк зыянга учураган. Алардын юридикалык документтерин кайра жасап берүү үчүн жалпысынан 570 миң сом керектелет. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Министр маалымадагандай, өзү жетектеген жамаат айтылган документтерди калыбына келтирүү үчүң 400 миң сомдой жардам көрсөтөт.

«Өрттөлгөн, талкаланган үйлөрдүн көпчүлүгүндө азыр эч кандай документ жок. Бүгүнкү күндө бул документтерди калыбына келтирүү үчүн болжол менен 570 миң сом талап кылынат деп эсептедик. Биз, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жамааты, 400 миң сомду бөлүп берүүнү өзүбүзгө алдык. Башка жердештерибиз да колдоп, калган 170 миң сомду бат эле чогултабыз деп ойлойм», — деди министр.

Ошондой эле Жаныбеков министрлик жана анын алдында болгон ишканалар баткендик мекендештерге жардам катары 4 миллион сомдон ашуун каражат чогултулуп бергенин кошумчалады.

«Министрликтин учурдагы курамы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги, ветеринардык-фитосанитардык инспекция, эт фермасы, жер жана суу ресурстары мамлекеттик агенттиги, Кыргыз улуттук агрардык университети — баарыбыз 4 миллион 562 миң 500 сом чогултуп, баткендик мекендештерибиздин эсебине колдоо иретинде котордук», — деди Жаныбеков.

Белгилей кетсек, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында 10 турак үй, 1 чек ара заставасы, Ак-Сай айыл аймагында 12 турак үй, Ак-Татыр айыл аймагында 18 турак үй, жалпысынан 40 турак жай жана 1 чек ара застава талкаланган.

Ошондой эле, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында 4 үй, 24 АЗС, 35 соода түйүнү, Кулунду айыл аймагында 63 үй, 1 мектеп, 1 ФАП, 1 ПОМ, жалпысынан 129 кыймылсыз мүлк өрттөлүп, талкаланган.