Бүгүн, 4-май күнү Баткен облусунун элине жардам көрсөтүү боюнча Башкы республикалык штабдын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат жыйын өтүүдө. Анда штабдын мүчөсү Ашырбай Жусупов штабдын иштери тууралуу айтып берди.

“Азыркы учурда гуманитардык жардамдар тынымсыз келүүдө. Жардам аябагандай көп түшүп жатат. Тамак-аш жана башкалар жетиштүү болду. Эми жарандардын турак үйлөрүн салууга курулуш материалдар керек. Биздин штабдан Баткенге бүгүнкү күнгө карата 380 тонна жүк кетти. Анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек жана башкалар бар. Жалпы суммасы 20 миллиондон ашуун акча чогулду”, — деди Жусупов.

Булак: Супер. кж