Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ашууларда көчкү түшүп, айрым аймактарда сел жүрөт. Бул тууралуу Сейсмология институту  кабарлады.

Бүгүн, 6-майда тоолуу райондордо, Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Каракысмак капчыгайында көчкү жүрүшү ыктымал. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

6-7-майда боло турган жаан-чачынга байланыштуу дарыялар, өзөндөр ташып, айрым өрөөндөрдө сел жүрүшү мүмкүн.