Коом
Коронавирус. 320 жаңы учур катталып, 3 бейтап каза болду
Кыргызстанда жугуштуу пневмония жана COVID-19дун 320 жаңы учурлары аныкталып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында — 246,
Ош шаарында — 8,
Чүй облусунда — 31,
Ошто обл — 1,
Таласта — 3,
Нарында — 2,
Ысык-Көлдө — 16,
Жалал-Абадда — 11,
Баткенде — 2 учур катталды.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 97278 учур катталды.
Акыркы суткада илдеттен 3 бейтап көз жумду, каза болгондордун бардыгы Бишкекте катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада 1640 адам каза болду.