Баткен облусунун жетекчиси болуп дайындалган Абдикарим Алимбаев алгачкы иш сапарын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынан кабар алуудан баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында 36 кыргызстандыктын өмүрүн алган жаңжал дал ушул «Головноы» суу бөлүштүрүүчү  жайында тутанган.

Алимбаев «Головнойдон» тышкары 17 үй толугу менен өрттөнгөн Көк-Терек айылында болгон.

«Өкүл Көк-Таштын тургундарына биринчи кезекте облустагы кырдаалды толугу менен турукташтыруу боюнча иш алып барыларын, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө маани берилерин белгиледи«, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан жардам берилерин, социалдык обьектилер жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү иштери баштала турганын кошумчалаган.

Абдикарим Алимбаев буга чейин УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болчу.  Ал эми Баткенди буга чейин башкарган  Өмүрбек Суваналиев  кызматтан кеткенин кечээ билдирген.